Анналена Баербок Украинанын НАТОго мүчөлүгүнөн сөз болбой тургандыгын айтты

Баербок Ослодо НАТОнун тышкы иштер министрлеринин расмий эмес жыйынынын алкагында жасаган билдирүүсүндө Украинанын НАТОго мүчө болуу тууралуу талаш  - тартыштарга байланыштуу баа берди.

1994138
Анналена Баербок Украинанын НАТОго мүчөлүгүнөн сөз болбой тургандыгын айтты

Германиянын тышкы иштер министри Анналена Баербок Россия  -  Украина согушу уланып жаткан Украинанын НАТОго мүчөлүгүнөн сөз болбой тургандыгын айтты.

Баербок Ослодо НАТОнун тышкы иштер министрлеринин расмий эмес жыйынынын алкагында жасаган билдирүүсүндө Украинанын НАТОго мүчө болуу тууралуу талаш  - тартыштарга байланыштуу баа берди.

Ар бир өлкөнүн кайсы биримдикке мүчө болору тууралуу өзү чечим чыгара аларын баса белгилеген Баербок согуштан улам Украина менен НАТОнун ортосундагы кызматташуунун күчөгөндүгүн белгиледи.

Баербок : «НАТО ар дайым белгилеген ачык каалга саясаты колдонулат. Ошол эле учурда согуштун ортосунда жаңы бир мүчөлүктөн сөз кыла албай турганыбыз ачык»,- деди.

Министр Баербок Ослодогу жыйындын  11 – 12 -  июлда Вильнюста боло турган НАТО саммитине даярдык экендигин белгиледи.

Испаниянын борбор шаары Мадридде бир жыл мурун болгон НАТО саммитинде Финляндия жана Швециянын биримдикке кире алары ачыкча айтылгандыгын белгилеген Баербок НАТО мүчөлүгү тууралуу Швециянын Германиянын толук колдоосун алгандыгын кайталады.

 



Тектеш кабарлар