АКШда унаада калтырылган ымыркай каза болду
Окуя тууралуу тергөө иши жүргүзүлүүдө.
1994141

АКШнын Флорида штатында үй - бүлөсү чиркөөдөгү сыйынууга катышкан жана абанын температурасы 30 градуска жеткен учурда 3 саат унаанын ичинде калган 11 айлык ымыркай каза болду.
Палм-Бей штатында полиция жекшемби күнү түшкө маал чиркөөнүн алдында токтоп турган унаадан ымыркайдын табылгандгын, ымыркайдын үндөргө жооп бербегендиги тууралуу маалыматтын түшкөндүгүн билдирди. Ымыркайдын дароо ооруканага алып барылгандыгы, ооруканада каза болгондугу маалымдалды.
Унаада 3 саат болгон 11 айлык ымыркайдын үй - бүлөсүнүн чиркөөдө болгондугу белгиленди.
Абанын температурасы 30 градус болгон Палм - Бейде унаанын ичиндеги ысыктыктын 46 градуска чейин жогорулашы мүмкүн экендиги айтылууда.
Окуя тууралуу тергөө иши жүргүзүлүүдө.