Рама:«Президент Эрдоган болбогондо, Албания дагы көптөгөн өлүмгө дуушар болмок»
Словакиянын борбор шаары Братиславада өткөрүлгөн Братислава Глобалдык коопсуздук форумунда (GLOBSEC) Рама Косовонун түндүгүндөгү чыңалуу, өлкөсүнүн европалык интеграция процесси жана Түркиянын колдоосу сыяктуу темаларга токтолду.

Албаниянын премьер-министри Эди Рама, жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) эпидемиясында Түркиянын өлкөсүнө көрсөткөн колдоосуна байланыштуу, «Президент (Режеп Таййип) Эрдоган болбосо, Албания дагы көптөгөн өлүмгө дуушар болмок»,-деди.
Словакиянын борбор шаары Братиславада өткөрүлгөн Братислава Глобалдык коопсуздук форумунда (GLOBSEC) Рама Косовонун түндүгүндөгү чыңалуу, өлкөсүнүн европалык интеграция процесси жана Түркиянын колдоосу сыяктуу темаларга токтолду.
Ковид-19 эпидемиясы учурунда Түркиянын өлкөсүнө көрсөткөн колдоосуна байланыштуу Рама: «Эмне болду, биз албандар жан сакташ үчүн Түркияга, Сербия Кытай менен Орусияга, Түндүк Македония алардын баарына чуркады. Президент (Режеп Таййип) Эрдоган болбогондо, Албания дагы көптөгөн өлүмгө дуушар болмок. Экинчи жагынан, Европа Биримдиги өзүнө гана кам көрүп жатканда, алардын бизге көздөрүн бурушу үчүн көп убакыт талап кылынды, анан жакшы болду, анткени алар бизге көп вакцина берди»,-деп айтты.
Ошол эле учурда Албаниянын Европа Биримдигине (ЕБ) мүчөлүк процессине баа берген Рама, бул процесстин системалуу жана бекем болушу керектигин, Батыш Балкандын кайра кайтып келбеши үчүн Евробиримдик менен Батыш Балкандын ортосундагы карым-катнаштарда бир нерсенин түп тамырынан бери өзгөрүшү керектигин баса белгиледи.
Бир тараптан Серб армиясынын Косово чек арасындагы күчүнүн «нөл» экенин айткан Рама: «Бул Мексиканын армиясынын Кошмо Штаттардын чек арасында пайда болушуна окшоп, ал эмне кыла алат? Мени кечириңиз, мен Мексиканы жакшы көрөм, бирок ал эмне кыла алат? Эч нерсе, такыр эч нерсе. Бул жөн гана ички саясатка байланыштуу. Бул жерде эмне болуп жатат? Косовонун түндүгүндө болгондор ички саясатка абдан байланыштуу»,-деди.