Кытай жиберген жаңы тайконавт тобу белгиленген жерге жетти

Кытай башкарган космостук программа агенттигинин (CMSA) билдирүүсүнө караганда, Тайконавттар Цинг Хайпин, Ку Янгку жана Гуи Хайчаону ташыган Шинкоу-16 космостук кемеси космос станциясынын негизги модулу менен туташты.

1993536
Кытай жиберген жаңы тайконавт тобу белгиленген жерге жетти

Жердин орбитасында орнотулган космос станциясына Кытай жиберген жаңы тайконавт тобу максатына жетти.

Кытай башкарган космостук программа агенттигинин (CMSA) билдирүүсүнө караганда, Тайконавттар Цинг Хайпин, Ку Янгку жана Гуи Хайчаону ташыган Шинкоу-16 космостук кемеси космос станциясынын негизги модулу менен туташты.

Станцияга келген тайконавттар 6,5 сааттык жолдон кийин шаттлдан модулга которулуп, космос станциясына киришти.

Шинкоу-16 кечээ эртең менен Гоби чөлүндөгү Ciucuen спутник борборунан «Узак Марш-2F» ракетасы менен учурулду.

Пекин аэронавтика жана астронавтика университети деп аталган Бейханг университетинин аэрокосмостук инженерия боюнча профессору Гуи Хайчао «Кытайдын космоско жиберген биринчи жарандык тургуну» болду.

Ушул убакка чейин Кытайдын элдик-боштондукка чыгаруучу армиясынын Аскер-аба күчтөрүнөн тандалган таиконавттар гана Кытайдын космостук программасында кызмат кылып келишкен.

Космос кораблинин динамикасы жана пайдалуу жүгү боюнча адис Гуи илимий эксперименттер жана сыноолор үчүн колдонула турган орбитада материалдардын жана жабдуулардын иштеши үчүн жооптуу болот.

Экспедициянын командачылыгын алган Цинг Хейпинг буга чейин Шинкоу-7, Шинкоу-9 жана Шинкоу-11 кызматтарында орун алган. Генерал-майор наамы бар жоокер 56 жаштагы Цин «төртүнчү жолу космоско учкан кытайлык тайконавттардын ичинен биринчи адам» болуп калды.

Командадагы башка жоокер Ку болсо биринчи жолу катышкан космостук экспедицияда бортинженер жана операторлук милдетти аткарууда.



Тектеш кабарлар