Тыңчы кит Швеция жээктеринде көрүндү

Деңиз биологу Себастьян Странд киттин табигый чөйрөсүнөн тездик менен алыстап баратканын жана мунун себеби белгисиз экендиигн айтты.

1992948
Тыңчы кит Швеция жээктеринде көрүндү

2019 -  жылы Норвегияда  көрүнгөн жана орус деңиз флоту тарабынан үйрөтүлгөн бир «тыңчы» кит экендиги ортого салынган ак кит бул жолу Швеция жээктеринде көрүндү.көрүнгөн жана орус деңиз флоту тарабынан үйрөтүлгөн бир «тыңчы» кит экендиги ортого салынган ак кит бул жолу Швеция жээктеринде көрүндү.

Деңиз биологу Себастьян Странд киттин табигый чөйрөсүнөн тездик менен алыстап баратканын жана мунун себеби белгисиз экендигин айтты.

"Аны түгөй табууга түрткөн «гормондор» болушу мүмкүн. Же ак киттер абдан кыймылдуу түр болгону үчүн бул   "жалгыздык" болушу мүмкүн", - деди Странд.

Бул кит Норвегияда биринчи жолу ортого чыкканда Норвегия балыкчылык директорлугунан деңиз биологдору китке байланган дам колу менен жасалган кур табышкан.

Курда экшн камерасын бекитүүгө боло турган механизм жана "Петерборская техника" деген жазуусу бар желим кулп табылган.

Москва киттин «орус тыңчысы» экендигине байланыштуу айтылгандарга ушул кезге чейин расмий жооп берген жок.



Тектеш кабарлар