Түштүк Корея: "Түндүк БУУнун санкцияларын бузууда"

Түштүк Кореянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы билдирүү жасады.

1992932
Түштүк Корея: "Түндүк БУУнун санкцияларын бузууда"

Түштүк Корея түндүк коңшусун биринчи аскердик тыңчы спутнигин учуруу планы менен Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин санкцияларын бузду деп айыптады.

Йонхап маалымат агенттигине билдирүү жасаган Түштүк Кореянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы, учуруучу аппараттар менен баллистикалык ракеталарда колдонулган технологиянын бирдей экенин, ошондуктан Түндүктүн ар кандай спутник учуруусу эл аралык мыйзамдарды, анын ичинде БУУнун Коопсуздук кеңешинин Пхеньянга узак аралыкка атуучу ракеталарды сыноого тыюу салган резолюцияларын бузарын айтты.  

Катчы, учуруучу аппараттарда колдонулган технологиянын континенттер аралык баллистикалык ракеталарда да колдонулушу мүмкүн экенине көңүл бурду.

Түндүк Кореянын спутник учуруу планына каршылык көрсөткөн басма сөз катчы, Пхеньянды мыйзамсыз аракеттерден алыс болууга жана дипломатиялык каналдарды ачык кармоого чакырды.

Түндүк Корея кечээ жапон өкмөтүнө бул спутникти 31-майдан 11-июнга чейин учура турганын билдирген.



Тектеш кабарлар