Судандагы ок атышпоо келишими дагы 5 күнгө узартылды

АКШнын Хартум элчилигинин социалдык медиа баракчасынан билдирүү жасалды.

1992762
Судандагы ок атышпоо келишими дагы 5 күнгө узартылды

Судан армиясы менен Ыкчам колдоо күчтөрү, кол койгон ок атышпоо келишимин дагы 5 күнгө узартууну макулдашты.

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Хартум элчилигинин социалдык медиа баракчасындагы билдирүүдө: «Сауд Арабия жана АКШ Судан армиясынын күчтөрү менен Ыкчам колдоо күчтөрүнүн ок атышпоо келишимин дагы 5 күнгө узартуусун кубаттайт»,-деп айтылды.

Ок атышпоону узартуу чечиминин дагы көп гуманитардык жардам, негизги кызматтардын көрсөтүлүшү жана узак мөөнөттүү ок атышпоонун талкууланышы үчүн убакыт берери белгиленди.

Билдирүүдө толук ишке ашпаса да 20-майда кол коюлган ок атышпоонун, муктаж болгон 1 миллионго жакын судандык адамга гуманитардык жардам жеткирилишин камсыз кылганы маалымдалды.

Тараптар 15-апрелден бери уланып жаткан кагылышууларды токтотуу үчүн АКШ жана Сауд Арабиянын ортомчулугунда 20-майда бир жумалык ок ​​атышпоо жарыялагандарын билдиришкен.

Ок атышпоо келишими күчүнө киргенден бир күн өткөндөн кийин АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен судандык генералдар акыркы ок атышпоо келишимине баш ийбесе, алар санкцияларга туш болорун эскерткен.

Кечээ түнү аяктаган ок атышпоо процессинде кагылышуулар уланып, эки тарап бири-бирин ок атышпоо келишимин буздуң деп күнөөлөшкөн.



Тектеш кабарлар