Швециядагы ПКК тарапкерлеринин провокациясы

ПКК/ЙПГ тарапкерлери террордук уюмду билдирген чүпүрөктүн сүрөтүн Швециядагы парламент имаратынын сыртына проектор менен чагылдырышты.

1992855
Швециядагы ПКК тарапкерлеринин провокациясы

Швециянын борбор шаары Стокгольмдо жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГнын жактоочулары парламент имаратынын сыртында уюмду символдоштурган чүпүрөктүн сүрөтүн чагылдырган видеону президент Режеп Таййип Эрдоган менен катар Швециянын жооптуу кызматкерлерин бутага алган дагы бир видео менен бөлүштү.

ПКК/ЙПГ тарапкерлери террордук уюмду билдирген чүпүрөктүн сүрөтүн Швециядагы парламент имаратынын сыртына проектор менен чагылдырышты.

ПКК/ЙПГ тарапкерлери Швеция менен байланышы бар социалдык медиа эсептеринде имараттын дубалына чагылдырылган уюмдун символу болгон чүпүрөктүн сүрөттөрүн бөлүштү.

  Алар жарыялаган дагы бир видеодо колдонгон сөздөрү жана сүрөттөрү менен президент Эрдоганга, Швециянын премьер-министри Ульф Кристерссонго жана тышкы иштер министри Тобиас Билстремге карай провокация кылышты.

Кристерссон менен Биллстремге карата акаарат сөздөр камтылган видеодо президент Эрдогандын афишасы өрттөлгөн көрүнүштөр да орун алды.

Жогорудагы видеолорду камтыган бөлүшүүдө Швецияда 1-июндан тарта күчүнө кире турган жаңы террорго жаза мыйзамына каршы террордук уюм ПКК/ЙПГ тарапкерлеринин Стокгольмдун Норра Банторгет аянтында митингге чыга турганы билдирилди.

Өлкөдөгү террордук уюмдарга мүчө болгондорду кылмыш жоопкерчилигине тартууну көздөгөн мыйзам долбоорунда террордук аракеттерге катышкан жана террордук уюмдар менен кызматташкандар 4 жылга чейин эркинен ажыратылат.



Тектеш кабарлар