Мадуро 8 жылдан кийин Бразилияга барды
Венесуэланын президенти Николас Мадуро Бразилияда өтүүчү Түштүк Америка Улуттар Уюмунун (UNASUR) саммитине катышуу үчүн Бразилияга барды.

Венесуэланын президенти Николас Мадуро Бразилияда өтүүчү Түштүк Америка Улуттар Уюмунун (UNASUR) саммитине катышуу үчүн Бразилияга барды.
Бразилиянын президенти Луис Инасио Лула да Силванын чакыруусу менен 8 жылдан кийин өлкөгө барган Мадурону кесиптеши Президенттик сарайында Планалтодо тосуп алды.
Эки лидер жекеме-жеке жана делегациялар аралык жолугушуудан кийинки маалымат жыйынын өткөрүштү.
Мадуро, оңчул идеологиялар тарабынан өлкөсүнө карата экстремисттик моделдин колдонулганын жана Бразилиядагы бардык каалгалардын өкмөттөрү нө жабылгандыгын айтты.
Бразилиялык ишкерлерге жана фирмаларга каалгаларынын ачык экенин белгилеген Мадуро : "Мындан кийин эч кимдин Бразилия менен Венесуэланын ортосундагы каалгаларды жаппайт деп үмүттөнөм",- деди.
Лула ошондой эле Венесуэланын Бразилия, Россия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка тарабынан түзүлгөн БРИКС тобуна кирүүсүн колдой турганын билдирип : "Бул маселени жакында чечебиз жана ар кандай интеграциялык суроо-талаптарды карап чыгабыз",- деди.
Эки өлкөнүн ортосунда илим, технология, айыл чарба, транспорт, энергетика, аквакультура, балык чарбасы, туризм жана маданият тармактарында кызматташуу боюнча 4 келишимге кол коюлганы маалым болду.
Бразилияда 2018-жылы кызматка келген ашынган оңчул мурдагы президент Жаир Болсонаро 2019-жылы чыгарган жарлыгы менен Мадурого өлкөгө кирүүгө тыюу салган жана Бразилиянын Каракастагы элчилигин жаап, Венесуэла менен дипломатиялык карым - катнашын токтоткон.
Андан кийин Болсоноро оппозициянын мурдагы лидери Хуан Гуайдону Венесуэланын мыйзамдуу лидери деп таануу чечимин чыгарган.
Бразилиядагы президенттик шайлоодо жеңишке жетишкен Лула да Силва 2023-жылдын 1-январында бийликке келгенден кийин бул чечимди жокко чыгарган.