Косоводогу KFOR аскерлерине кол салуулар айыпталууда...

Франция, Италия жана Германиядан Тынчтык Корпусунун (KFOR) аскерлерине кол салуулар кескин айыпталды.

1992881
Косоводогу KFOR аскерлерине кол салуулар айыпталууда...

Франция Косоводогу Тынчтык Корпусунун (KFOR) аскерлерине кол салууларды кескин айыптады.

Тышкы иштер министрлигинен жасалган билдирүүдө Париждин Косовонун түндүгүндөгү зомбулукту айыптаганы жана тараптарды, өзгөчө Косово өкмөтүн керектүү чараларды көрүүгө чакырганы белгиленди.

Билдирүүдө Франциянын кээ бирлери жараланган KFOR аскерлери менен тилектеш болгону, серб демонстранттары менен Косово полициясынын ортосундагы кагылышууну басууга катышканы белгиленип, Париждин бул кол салууларды катуу айыптаганы белгиленди.

Билдирүүдө, «Косоволуктар менен сербдердин тынчтыгын жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Приштина менен Белград макулдашуучу түрдө сүйлөшүү үстөлүнө кайтып келип, жоопкерчиликти өз мойнуна алышы абдан маанилүү»,-делди. Эл аралык деңгээлде аймактык тынчтыктын коркунучуна жол берилбей турганы жана мунун Европа үчүн коопсуздук маселеси экени белгиленди.

Италиянын премьер-министри Жорджия Мелони Косоводогу KFOR аскерлерине, анын ичинде италиялык аскерлерге жасалган кол салууларды катуу айыптады.

Германиянын Тышкы иштер министрлигинен жасалган билдирүүдө да Косоводо KFOR аскерлерине жасалган кол салуулар айыпталып, зомбулукту токтотууга чукул чакырык жасалды.

Косовонун түндүгүндөгү сербдер албандардын жаңы мэринин кызматка киришине тоскоолдук кылууга аракет кылышкан.

Звечандагы мэрди тааныбаган сербдердин, Зубин Поток жана Лепосавичтеги нааразылык акциялары кагылышууга айланган.

Косово полициясы мэриянын имаратына кирүүнү каалаган демонстранттарга көздөн жаш агызуучу газ колдонуп, ондогон адамдар жаракат алышкан.

Демонстранттар НАТОго караштуу KFOR аскерлерине жана полицияга кол салышып, НАТОнун 25ке жакын бейпилдик күчтөрү жарадар болушкан.

Сербия 2008-жылы бир тараптуу көз карандысыздыгын жарыялаган Косовону өз аймагы катары эсептейт.

Мезгил-мезгили менен кагылышкан Сербия менен Косово 2011-жылы Европа Биримдигинин ортомчулугу менен башталган Белград-Приштина диалог процессинин алкагында карым-катнаштарынын нормалдашуусу жана акырында эки өлкөнүн бири-бирин таануусу үчүн орток жол табууга аракет кылууда...



Тектеш кабарлар