Японияда Кишида Шотаро кызматынан алынат

Японияда премьер  -  министр Кишида Фумионун катчысы болгон  жана улуу уулу Кишида Шотаро расмий резиденцияда көңүл ачуусунан улам кызматынан бошотулат.

1993026
Японияда Кишида Шотаро кызматынан алынат

Японияда премьер  -  министр Кишида Фумионун катчысы болгон  жана улуу уулу Кишида Шотаро расмий резиденцияда көңүл ачуусунан улам кызматынан бошотулат.

Японияда улуттук деңгээлде жарыяланган «Шукан Буншун» журналында орун алган «Кишида Шотаронун премьер  - министрликтин расмий резиденциясында өткөргөн кечеси» деген кабарынын жаңырыгы уланууда.

Кабардын сүрөттөрүндө Кишиданын резиденцияда тосуп алган туугандары жана чет элдик коноктору менен көңүл ачып жаткандыгы жана бир кишинин кызыл килем салынган тепкичте жаткандыгы көрүнүүдө.

Мындан мурда кече тууралуу катчысы жана уулу Кишидага керектүү маалыматты бергендигин айткан Япониянын премьер  - министри  бул тууралуу жаңы чечим чыгаргандыгын билдирди.

Премьер  - министр Кишида катчылык жана коомчулуктун алдындагы жоопкерчилигинен улам уулу Кишиданын расмий резиденциядагы жүрүм  - турумунун туура эмес экендигин баса белгиледи.

Япониянын премьер  -  министри өз уулунун катчылык кызматка дайындоонун жоопкерчилигин алгандыгын белгилеп, Кишида Шотаронун 1 -  июнда кызматынан расмий түрдө алынарын маалымдады.

Мамлекеттик телеөкрсөтүү NHK жаңы мезгилде бул катчылык милдетине Кишида Шотародон мурда ушул эле кызматты аткраган  Ямамото Такайошинин келерин билдирди.

2021 -  жылы октябрь айында премьер  - министрлик кызматка келген Кишида биринчи жылын толтуруп жатып уулу Кишида Шотарону башкаруучу катчы катары дайындаган.

 



Тектеш кабарлар