Ганада автобус менен танкер сүзүшүп 16 адам каза болду
Кырсыктан 16 адам каза болуп, 40 адам жаракат алды.
1993042
Гананын борбордук провинциясында автобус менен күйүүчү май ташыган танкер кагышып 16 адам каза болду.
Улуттук маалымат каражаттары кабарлагандай, борбордук провинциянын Гомоа Окьеко аймагында, баш калаа Аккра менен Кейп-Костун ортосундагы жолдо автобус менен танкер сүзүштү.
Кырсыктан 16 адам каза болуп, 40 адам жаракат алды.
Жетекчилер жаракат алгандардын дарыланып жатканын, айрымдарынын абалынын оор экенин, каза болгондордун санынын көбөйүшүнө тынчсызданып жатышканын билдиришти.
Автобустун Либериядан Гананын борбор шаары Аккрага баруу үчүн жөнөгөнү белгилүү болду.
Тектеш кабарлар
Путин президенттик күбөлүгүн алды
Кремль сарайынан берилген маалыматка караганда Путин Памфилова менен кеңсесинде жолугушту.