Эрдогандын жеңиши Латын Америкасынын басма сөзүндө
Латын Америка өлкөлөрүндөгү интернет сайттары жана берүү уюмдары президент Режеп Таййип Эрдогандын шайлоодогу ийгилигине кеңири орун беришти.

Түркиядагы президенттик шайлоону жакындан байкаган Латын Америка өлкөлөрүндөгү интернет сайттары жана берүү уюмдары президент Режеп Таййип Эрдогандын шайлоодогу ийгилигине кеңири орун беришти.
Аргентинанын эң чоң гезиттеринин бири болгон «Кларин» Эрдогандын шайлоонун экинчи айлампасында жеңишке жетишкенин, анын бийлиги чейрек кылымга жакындап калганын билдирди.
Аргентинада жарык көргөн «La Nacion» гезити да Эрдогандын чеберчилиги жана харизмасынын күчү менен саясаттын тепкичтерин ылдам басып баратканына көңүлдөрдү бурду.
Венесуэла жана Латын Америкасынын эң чоң кабар сайттарынан Телесур да Эрдогандын акыркы 20 жылдагы бардык шайлоолорду жеңгенине көңүл бурду.
Колумбиянын эң негизги гезиттеринин бири болгон «El Tiempo» бул кабарды «Түркиянын дагы 5 жыл президенти Эрдоган» деген баш сөз менен жолдоочуларына жарыялады.
Аргентинанын улуттук кабар агенттиги «Телам» болсо Эрдогандын башкаруусунда чейрек кылымды бүтүрүү үчүн кайрадан шайланганын белгиледи.
Перунун расмий маалымат агенттиги "la Agencia Peruana de Noticias Andina" Эрдогандын атаандашы Кылычдароглун жеңип дагы 5 жылга президенттикке жетишкенин билдирди.
Мексиканын күнүмдүк кабар гезити «El Universal» башкы бетинде президент Эрдогандын өлкөнү 2028-жылга чейин башкара турганын жарыялады.
Кубада жайгашкан Латын Америка кабар агенттиги Пренса Латина башкы бетинде Эрдогандын шайлоодогу ийгилигине басым жасап, Элдик альянстын талапкери Эрдогандын шайлоону алдыда бүтүргөнүн билдирди.
Эквадордо жарыяланган «Ecuavisa» интернет кабар сайтында Эрдогандын шайлоодон кийин жеңишке жеткен сөздөрү орун алды.
Оппозиция үчүн жыйынтыктар ийгиликсиз болгонун белгилеген сайт, Элдик альянс парламенттик шайлоодо да ийгиликтүү болгонун жазды.