Австрияда ооруканада өрт чыкты
Өрттөн улам 3 киши каза болуп, 20 киши түтүндөн жабыркады,
1993016

Австриянын борбор шаары Венага жакын жердеги Модлинг ооруканасында чыккан өрттөн 3 кишинин каза болгону, 20 кишинин түтүндөн жабыркагандыгы билдирилди.
Төмөнкү Австрия мамлекеттик саламаттыкты сактоо мекемесинин басма сөз катчысы Маттиас Хофер басма сөзгө жасаган билдирүүсүндө өрттүн 3 бейтап жаткан бөлмөдө түнү чыкканын жана тездик менен жайылгандыгын айтты.
Хофер 3 бейтаптын куткарыла албаганын, 20 кишинин түтүндөн жабыркаганын белгиледи.
Бейтаптардын айланадагы ооруканаларга көчүрүлгөнүн белгилеген Хофер операция бөлмөлөрү өрт чыккан жерге жакын болгондуктан бир канча убакытка операция жасала албасын да жарыялады.
Мамлекеттик прокуратура өрттүн себебин аныктоо үчүн иликтөө иштерин баштады.