Украина: Орусия Киевге абадан кол салды

Билдирүүдө орус күчтөрүнүн эртең мененки сааттарда Киевге карай ракета жана учкучсуз учуучу аппараттарды учурганы, май айында эле борбор шаарга 15 абадан кол салуу жасалганы айтылды.

1992223
Украина: Орусия Киевге абадан кол салды

Орус армиясы тарабынан Украинанын борбор шаары Киевге абадан чабуул жасалып, Украинанын абадан коргонуу күчтөрү тарабынан 40тан ашуун бута жок кылынды.

Киев шаардык аскер башкармалыгынын билдирүүсүндө, орус армиясынын борбор шаар Киевге абадан кол салуу жасаганы белгиленди.

Билдирүүдө орус күчтөрүнүн эртең мененки сааттарда Киевге карай ракета жана учкучсуз учуучу аппараттарды учурганы, май айында эле борбор шаарга 15 абадан кол салуу жасалганы айтылды.

Киевге кол салган 40тан ашуун бутанын Украинанын абадан коргонуу күчтөрү тарабынан аныкталып, абада жок кылынганы кабарланды.

Киевдин мэри Виталий Кличко да социалдык медиадагы билдирүүсүндө, абада жок кылынган кээ бир ракета сыныктарынын ар кайсы райондордогу жарандык инфраструктурага тийип, зыянга учуратканын маалымдады.



Тектеш кабарлар