Суданда кагылышуулар күчөдү
Хартумдун батышындагы Умдурман аймагы жана түндүк-чыгыштагы Бахри шаарынын Кадру жана Халфая райондорунда айыгышкан кагылышуулар болуп жатат.

Судан армиясы менен Ыкчам колдоо күчтөрүнүн ортосунда апрель айынын ортосунан бери уланып жаткан жана 22-майдын кечинде башталган бир жумалык ок атышпоо келишиминин аякташына бир нече саат калганда борбор шаар Хартумда кагылышуулар кайрадан күч алды.
Хартумдун батышындагы Умдурман аймагы жана түндүк-чыгыштагы Бахри шаарынын Кадру жана Халфая райондорунда айыгышкан кагылышуулар болуп жатат.
Замбирек жана куралдардын үндөрү угулган бул аймактарда түтүн жана жалын каптап аскердик учактардын да абага көтөрүлгөндүгү байкалды.
Бир тараптан эки тараптын ортосундагы чыңалууну жөнгө салууга аракет кылган АКШ менен Сауд Арабия, Судандагы эки тарапты чыр-чатакты биротоло токтотуу жана тынчтык жолу менен чечүү үчүн бүгүн кечинде бүтүшү пландалган ок атышпоо келишимин узартууга чакырды.
Тараптар АКШ менен Сауд Арабиянын ортомчулугунда 20-майда, 22-май дүйшөмбү күнү саат 21:45тен тарта бир жумалык ок атышпоо жарыялагандарын билдиришкен.
Судандын Саламаттыкты сактоо министрлиги кагылышуу башталгандан бери 709 кишинин каза болгонун, 5 миң 424 кишинин жаракат алганын кабарлады.