Орусиянын Украинадагы аскердик аракеттери
Конашенков борбор шаар Москвада 2022-жылдын 24-февралынан бери уланып жаткан Орусия-Украина согушундагы орус аскер күчтөрүнүн кыймылдарына байланыштуу билдирүү жасады.

Орусиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков, Украина армиясына таандык аскердик аэропорттордогу бутага алыс аралыкка атуучу жогорку тактыктагы куралдар менен чабуулдар жасалганын билдирди.
Конашенков борбор шаар Москвада 2022-жылдын 24-февралынан бери уланып жаткан Орусия-Украина согушундагы орус аскер күчтөрүнүн кыймылдарына байланыштуу билдирүү жасады.
Орус армиясынын Украинадагы чабуулдарын улантканын белгилеген Конашенков: «Орусиянын Куралдуу күчтөрү түн ичинде душмандын аэродромдорундагы буталарга абадан алыскы аралыкка атуучу жогорку тактыктагы курал менен чабуул жасады»,- деди.
Чабуулдун максатына жеткенин билдирген Конашенков: «Белгиленген чекиттерге сокку урулду. Чабуулдун натыйжасында Украинанын куралдуу күчтөрүнүн башкаруу борборлору, радар пункттары, аба техникалары, курал-жарак жана ок-дары кампалары атылды»,-деп айтты.
Конашенков 3 даана алыс аралыкка учуучу канаттуу ракета жана 13 даана HIMARS көп ооздуу ракета аткычтар Орусиянын аба системалары тарабынан тосулганын белгилеп: «Атайын аскердик операция башталгандан бери Украинага тиешелүү 429 учак, 235 тик учак, 4371 учкучсуз учуучу аппарат, 424 абадан коргонуу ракеталык комплекси, 9324 танк жана бронетехника, 1100 көп ооздуу ракета аткычтар, 4934 гаубицалар жана минометтор менен 10 527 жеке менчик аскердик техника жок кылынды»,-деп билдирди.
Тектеш кабарлар
АКШ Кубада болгон кол салууну айыптады
Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан жазуу түрүндө маалымат берди.