Орус-түрк биргелешкен долбоорлору

Песков борбор шаар Москвада журналисттерге президент Режеп Таййип Эрдогандын президенттик шайлоодогу ийгилиги тууралуу билдирүү жасады.

1992572
Орус-түрк биргелешкен долбоорлору

Орусиянын Президенттик сарайы Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков, Орусия менен Түркиянын ортосундагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда «жогорку» ылдамдык бар экенин айтып: «Албетте бул ылдамдыктын сакталарына ишенебиз»,-деди.

Песков борбор шаар Москвада журналисттерге президент Режеп Таййип Эрдогандын президенттик шайлоодогу ийгилиги тууралуу билдирүү жасады.  

Эрдогандын ант берүү аземине Орусиянын президенти Владимир Путиндин катышуу мүмкүнчүлүгүн баалаган Песков: «Күтө туруңуз, азырынча чакыруу ала элекпиз»,-деди.

Президент Путиндин жакын арада Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөшүү ыктымалы бар экенин белгилеген Песков, Орусия менен Түркиянын ортосундагы карым-катнаштарга токтолду.

Басма сөз катчы Песков: «Орус-түрк биргелешкен долбоорлорун ишке ашырууда абдан жогорку ылдамдык бар. Албетте бул ылдамдыктын сакталарына ишенебиз. Анткени бул жааттагы максаттар чындап эле амбициялуу»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар