Иран: «Талибан тарап менен сүйлөшүлдү, маселе чечилди»

Ирандын мамлекеттик телеканалына маалымат берген ички иштер министри Вахиди кечээ Систан-Белужистан провинциясынын Хирманд районундагы Сасули полиция бекетинин жанындагы чек арада ирандык чек арачылар менен Талибан күчтөрүнүн кагылышына баа берди.

1992333
Иран: «Талибан тарап менен сүйлөшүлдү, маселе чечилди»

Ирандын ички иштер министри Ахмед Вахиди чек арадагы кагылышуудан кийин талиптердин өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөнүн, маселе чечилип, чек араларда коопсуздук камсыздалганын билдирди.

Ирандын мамлекеттик телеканалына маалымат берген ички иштер министри Вахиди кечээ Систан-Белужистан провинциясынын Хирманд районундагы Сасули полиция бекетинин жанындагы чек арада ирандык чек арачылар менен Талибан күчтөрүнүн кагылышына баа берди.

Жаңжалда Талибан күчтөрүнө «зарыл жооп берилгенин» билдирген Вахиди:«Кыска мөөнөттүү жаңжал болду. Талибан тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүп, маселе чечилди. Учурда эч кандай маселе жок, чек ара тынч жана ачык»,- деди.

Иран кечээ чек арачылар менен Талибан күчтөрүнүн ортосундагы кагылышууда 2 ирандык чек арачы каза болгонун жарыялады.

Талибан болсо жаңжалда анын бир мүчөсү каза болгонун жарыялады.

Тараптар бири-бирин жаңжалды баштады деп айыпташты.



Тектеш кабарлар