Кытайдын өзүндө өндүрүлгөн жүргүнчү учагы алгачкы коммерциялык каттамын ишке ашырды

Синьхуа агенттигинин кабарына караганда 128 жүргүнчүсү бар China Eastern Airlines компаниясына таандык C919 үлгүсүндөгү учак эртең менен Шанхай Хунцяо аэропортунан учуп, 2 саатка созулган каттамдан кийин Пекиндин борбор шаары эл аралык аэропортуна жетти.

1991878
Кытайдын өзүндө өндүрүлгөн жүргүнчү учагы алгачкы коммерциялык каттамын ишке ашырды

Кытайдын өзүндө өндүрүлгөн жүргүнчү учагы «C919» Шанхай менен Пекиндин ортосунда алгачкы жүргүнчү каттамын ишке ашырды.

Синьхуа агенттигинин кабарына караганда 128 жүргүнчүсү бар China Eastern Airlines компаниясына таандык C919 үлгүсүндөгү учак эртең менен Шанхай Хунцяо аэропортунан учуп, 2 саатка созулган каттамдан кийин Пекиндин борбор шаары эл аралык аэропортуна жетти.

«MU 9191» каттамы Кытайдын ата мекендик өндүрүштөгү C919 жүргүнчү учагынын биринчи коммерциялык учуусу болгон.

Мамлекеттик Кытай Коммерциялык Авиакомпаниясы (COMAC) тарабынан иштелип чыккан бир өтмөктүү кууш кузовдуу учак «Boeing 737» жана «Airbus 320» үлгүсүндөгү жүргүнчү учактарынын эквиваленти катары иштелип чыккан.

Модель 2022-жылдын 14-майында биринчи сыноо учуусун жасаган; Ал 2022-жылдын 30-сентябрында учууга жарактуу лицензиясын жана 2022-жылдын 30-ноябрында өндүрүш лицензиясын алган.

China Eastern компаниясы COMAC менен учактарды 99 миллион долларга сатып алуу боюнча келишимге жетишти, келишимге 2021-жылдын мартында кол коюлган, «C919» биринчи жеткирилиши 2022-жылдын 9-декабрында жасалган.

Авиакомпания учакты Шанхайдан Пекин, Гуанжоу, Синьцзян жана Цинду шаарларына ички каттамдарда колдонууну пландаштырууда.

Дүйнөдө жарандык авиация секторунда эң көп колдонулган учак түрү болгон «орто аралыктагы» жүргүнчү учагынын ишке кириши менен Кытайдын АКШнын Boeing жана Европалык Airbus компаниялары үстөмдүк кылган дүйнөлүк жүргүнчү учак рыногунда үлүшкө ээ боло ала тургандыгы бааланды.

2008-жылы COMAC тарабынан иштелип чыга баштаган C919 өлкөнүн тышкы булактарга болгон көз карандылыгын азайтууну максат кылганы менен, ал толугу менен жергиликтүү эмес, анткени реактивдүү кыймылдаткыч жана башкаруу программасы сыяктуу маанилүү компоненттер General Electric жана Honeywell сыяктуу АКШ компаниялары тарабынан өндүрүлгөн.



Тектеш кабарлар