Украина : орус армиясы Днепрге ракета менен колд салды

Сергей Лисак, социалдык медиа эсебинен жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө орус армиясынын Днепр шаарындагы ооруканага ракеталык кол салуу жасаганын айтты.

1991587
Украина : орус армиясы Днепрге ракета менен колд салды

Орус күчтөрүнүн Украинанын Днепр шаарындагы ооруканага ракеталык кол салуусунун натыйжасында 2 адам каза болуп, 30 киши жаракат алды.

Днепр аймагынын мамлекеттик администрациясынын башчысы Сергей Лисак, социалдык медиа эсебинен жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө орус армиясынын Днепр шаарындагы ооруканага ракеталык кол салуу жасаганын айтты.

Кол салууда 2 кишинин каза болгонун, 2си бала болгон 30 кишинин жараланганын белгилеген Лисак, урандылардын астында экени белгилүү болгон 3 кишиден азырынча кабар ала электерин белгиледи.

Бир тараптан Украинанын президенти Владимир Зеленский социалдык медиа эсебиндеги билдирүүсүндө орус армиясын Украинада жарандарга карата  “террордук актыларды” уюштуруу менен айыптады.

Окуя болгон жерде издөө-куткаруу иштеринин уланып жатканын белгилеген Зеленский, Украинанын согушта жеңишке жетиши керектигин белгиледи.



Тектеш кабарлар