Моненин "Суу лилиялары" картинасы адамдын психикасы үчүн пайдалуу

Вена университети тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөдө Моненин Британиядагы  «Суу лилиялары» аттуу картинасы смартфон, ноутбук жана стационардык компьютер аркылуу 240 кишилик бир топко көрсөтүлдү.

1991647
Моненин "Суу лилиялары" картинасы адамдын психикасы үчүн пайдалуу

Австрияда жүргүзүлгөн бир изилдөөдө француз сүрөтчүсү Клод Моненин «Суу лилиялары» аттуу картинасын интернетте 2 мүнөттөй эле көрүү адамдардын психикалык саламаттыгына пайдалуу деген жыйынтык чыгарылган.

Вена университети тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөдө Моненин Британиядагы  «Суу лилиялары» аттуу картинасы смартфон, ноутбук жана стационардык компьютер аркылуу 240 кишилик бир топко көрсөтүлдү.

Изилдөөдө катышуучулар сүрөт көрсөтүлгөнгө чейинки жана андан кийинки маанайлары тууралуу анкета толтурушкан.

Сөз болуп жаткан сүрөттү интернеттен 2 мүнөткө эле көрүү маанайды жакшыртары байкалган.

Изилдөөнүн жыйынтыгы "Компьютерлер адамдын жүрүм-туруму" журналында жарыяланды.



Тектеш кабарлар