Россия - Украинанын ортосундагы туткун алмашуу
Андрей Ермак 8 офицер, 106 аскердин бошотулгандыгын айтты.
1991169

Россия менен Украинанын ортосундагы акыркы туткун алмашуунун негизинде 106 украиналык аскер бошотулду. Украинанын президенттик кеңсесинин төрагасы Андрей Ермак социалдык бөлүшүү эсебинен берген билдирүүсүндө Россия менен Украинанын ортосундагы туткун алмашуунун болгондугун белгиледи. Ермак 8 офицер, 106 аскердин бошотулгандыгын айтты.
Украинага тапшырылган аскерлердин жалпысынан Бахмут багытында кызмат кылгандыгына көңүлдөрдү бурган Ермак : «Бошотулгандардын көпчүлүгү дайынсыз деп кабыл алынган. Бул кишилердин жакындары кыйын процесстен өттү»,- деди.