"Oath Keepers" лидери 18 жылга эркинен ажыратылды

Ашыкча оңчул топтун лидери Родс 6-январдагы сот жараянында эң узак мөөнөттүү жаза алган жана биринчи жолу терроризмдин алкагында жазасы көбөйтүлгөн соттолуучу болду.

1991184
"Oath Keepers" лидери 18 жылга эркинен ажыратылды

2021-жылы 6-январда Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Конгрессине кол салууга катышкан "Oath Keepers" аттуу топтун лидери Стюарт Родс 18 жылга эркинен ажыратылды.

Баш калаа Вашингтондогу сот отурумунда «Бул өлкөнүн экиге бөлүнгөнүнө ишенем»,- деген Родс, Oath Keepers тобунун Proud Boys сыяктуу топтордон айырмаланып, 2021-жылдын 6-январында зомбулук үчүн Конгресстин имаратында болгонун жактады.

Колумбия округдук сотунун судьясы Амит Мехта, Родсту Конгресстин имаратына кол салууга байланыштуу провокациялык кутум жана башка кылмыштары үчүн 18 жылга эркинен ажыратты.

Мехта өкүмдү жарыялоонун алдында Родсту басынтып анын бул өлкө жана демократиясы үчүн уланып жаткан коркунуч экенин айтты.

Ашыкча оңчул топтун лидери Родс 6-январдагы сот жараянында эң узак мөөнөттүү жаза алган жана биринчи жолу терроризмдин алкагында жазасы көбөйтүлгөн соттолуучу болду.

Прокурорлор 58 жаштагы Родсту 25 жылга эркинен ажыратууну суранып, айыпталуучунун кылмыштарынын федералдык антитеррордук мыйзамдарга ылайык узак мөөнөттүү түрмө жазасына татыктуу экенин жакташкан. 

2022-жылдын 4-октябрында Oath Keepers мүчөлөрүнө каршы Конгресске кол салууда "массалык баш аламандык уюштурган" деген айып менен сот процесси башталган.



Тектеш кабарлар