Нидерландияда дайынсыз жоголгон балдар
2022-жылдын январь айынан бери Нидерландиядагы баш калкалоочу борборлордон коштоочусуз 360 качкын баланын жоголгону билдирилди.

2022-жылдын январь айынан бери Нидерландиядагы баш калкалоочу борборлордон коштоочусуз 360 качкын баланын жоголгону билдирилди.
AD гезити Нидерландиянын баш калкалоочуларды кабыл алуу борборунун (COA) маалыматтарына таянган кабарында өлкөдө күн сайын баш калкалоочу борборлордон коштоочусуз бир качкын баланын жоголгондугун билдирген.
Кабарда 2022 - жылы коштоочусуз качкын балдардын саны 4 миң 449 экендиги, 2022-жылдын январь айынан бери 360 кароосуз калган баланын жоголгондугу билдирилди.
Кабарда жоголгон балдардын тагдырынын белгисиз экендиги айтылып, кээ бир балдардын Европадагы туугандарына кеткени, кээ бирлеринин адам аткезчилеринин колуна түшкөндүгүнөн шектенилүүдө.
Кабарда адам укуктары мекемелеринин Нидерландиянын баш калкалоочуларды кабыл алуу борборуна сунуштаган жашыруун отчетто качкындар борборунун жакындарында жашаган айрым тургундардын кара терилүү балдадын иреттүү түрдө немис жана нидерландиялык картаң эркектер тарабынан алынгандыгын айткандарына орун берилди.
Ушундай эле окуялардын Британияда да болгондугу айтылган кабарда өткөн 1 жарым жылда Британиянын Брайтон шаарындагы мейманканага жайгаштырылган 136 баш калкалоочу баланын жоголгондугу маалымдалды.
ЮНИСЕФ Нидерландиядагы баш калкалоочу борборлордогу балдар үчүн шарттарды жакшыртууну сунуштагандыгын жана Голландиянын балдар акыйкатчысы Маргрит Калвербоер да даярдаган отчетунда Тер Апелдеги баш калкалоочу борборундагы балдарга акыркы убактарда көңүл бурулбай калгандыгын билдирди.
Тектеш кабарлар

Францияда темир жол жумушчулары митингге чыгышты
Полиция топтору кийлигишип, митингчилерди имараттан чыгарышты.