Сомалиде ички миграция өсүп баратат
Норвегиянын Качкындар кеңешинин (NRC) Сомали директору Мохаммад Абди Сомалидеги ички миграциянын коркунучтуу деңгээлге жеткенине көңүл бурду.

Сомалиде акыркы 5 айда 1 миллион кишинин үй-жайын таштап башка аймактарга көчүүгө мажбур болгондугу жарыяланды.
Норвегиянын Качкындар кеңешинин (NRC) Сомали директору Мохаммад Абди Сомалидеги ички миграциянын коркунучтуу деңгээлге жеткенине көңүл бурду.
Акыркы 5 айда 1 миллион кишинин үйлөрүн таштап көчүүгө мажбур болгонун белгилеген Абди, алдыдагы айларда мунун дагы да көбөйүшүнөн кооптонгондорун баса белгиледи.
Абди өлкөнүн ички миграциясында террордук уюм Эш-Шабаб себеп болгон коопсуздук маселелери менен бирге кургакчылык жана сел сыяктуу табигый кырсыктардын да таасирдүү болгонун белгиледи.
Абди эң көп мигрант болгон аймактардын өлкөнүн ортосунда Хиран жана түштүктө Гедо экендигин билдирген Абди мигрант саны 3,8 миллиондон ашканын кошумчалады.