Орусия швециялык 5 дипломатты "персона нон грата" деп жарыялады
Орусиянын Тышкы иштер министрлиги билдирүү жасады.

Орусия швециялык 5 дипломатты "персона нон грата" деп жарыялоо чечимин чыгарды.
Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, Швециянын 25-апрелде 5 орус дипломатын "персона нон грата" деп жарыялаганы айтылды.
Мунун «душмандык» кадам экени жана эки тараптуу карым-катнаштарды оор абалга салганы баса белгиленген билдирүүдө, ушул себептен Швециянын Москвадагы элчиси Малена Марддын министрликке чакыртылганы маалымдалды.
«Элчиге Швециянын Москвадагы элчилигинде коргонуу темалары менен алектенген 3 кызматкер менен бирге 5 швед дипломатынын өз ара мамиленин талабына ылайык персона нон грата деп жарыяланганы билдирилди»,-делди.
Ошондой эле Орусиянын Гетеборгдогу башкы консулдугунун 1-сентябрдан тарта ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча чечим кабыл алынганы маалымдалган билдирүүдө: «Элчиге 2023-жылдын 1-сентябрынан тарта орус тараптын Швециянын Санкт-Петербургдагы башкы консулдугунун ишмердүүлүгүнө берилген уруксатты жокко чыгарганы тууралуу маалымат берилди»,-деп айтылды.