НАСА япон космостук кемесинин урадыларын сүрөткө тартты

Independentтин кабарына караганда НАСАнын Айды ачуу спутниги  (LRO) Япониянын космостук компаниясына таандык «Hakuto-R» Mission-1 космос кемесинин калдыктары катары эсептелген 4 чоң кратердин сүрөтүн тартты.

1990823
НАСА япон космостук кемесинин урадыларын сүрөткө тартты

АКШ Авиациялык жана комостук агенттиги НАСА "жеке сектордун" каржылоосу менен Айга конуусу пландалган бирок конуу учурунда кырсыкка учуругандыгы аныкталган биринчи япон космостук кемесинин урадыларын сүрөткө тартты.

Independentтин кабарына караганда НАСАнын Айды ачуу спутниги  (LRO) Япониянын космостук компаниясына таандык «Hakuto-R» Mission-1 космос кемесинин калдыктары катары эсептелген 4 чоң кратердин сүрөтүн тартты.

Бул аянттын үстүндө учкан НАСАнын LROсу  конуу аянтынын айланасынан 10 сүрөт тартты.

НАСА командасы ошол эле аймактын конуудан мурдагы көрүнүштөрдү салыштыруу менен "конуу аянтында  адаттан тышкары өзгөрүүнү" аныктады.

Салыштыруунун натыйжасында  кеминде  4 уранды бөлүкчөсү жана конуучу кеменин башка бөлүктөрү болушу мүмкүн экендиги белгиленди.

LRO инженери Эмерсон LRO инженери Эмерсон Спейерер соцтармактан  LRO камерасы менен жакынкы айларда аймактын көбүрөөк анализделе турганын айтты.

LRO буга чейин Айдын бетинде ийгиликсиз болгон Израилдин Берешиет жана Индиянын Викрам космостук кемелеринин калдыктарын аныкташкан.



Тектеш кабарлар