Колумбияда куралдуу кол салуу болду
Кол салууда экөө полиция кызматкери болгон 3 киши каза болуп, 8 киши жараланды.

Колумбиянын түндүгүндө күзөттө турган полиция унаасына жасалган бомбалуу кол салууда экөө полиция кызматкери болгон 3 киши каза болуп, 8 киши жараланды.
Түндүктөгү Сантандер административдик округуна караштуу Тибу шаарында полицияны ташыган унаа өтүп баратканда алыстан башкарылган бомба жардырылды.
Кол салууда экөөсү полиция кызматкери болгон 3 киши каза болуп, төртөө полиция кызматкери болгон 8 киши жараланды.
Каза болгон жарандын мотоцикл менен өтүп бара жаткан жаш аял экени айтылды.
Жарадар болгон полиция кызматкерлери тик учак менен Кукутадагы башка ооруканаларга жеткирилип, аймакка көп сандаган коопсуздук күчтөрү жиберилди.
Жарылуудан улам электр зымдары жабыркап, шаардын бир бөлүгү жарыксыз калгандыгы маалымдалды.
Кол салуунун жоопкерчилигин азырынча эч бир уюм өзүнө ала элек болсо да, куралдуу козголоңчу уюм Улуттук боштондук армиясы (ELN) менен Колумбиянын мурдагы революциячыл куралдуу күчтөрүнүн (FARC) оппозициясы болгон 33-фронттун аймакта болгону белгилүү.
Тектеш кабарлар

Араб уруулары Дейр-эз-Зордо кайра операция жүргүзө баштады
Араб уруулары Зийбен, Тайяне жана Элрагиб кыштактарын террордон тазалашты.