Колумбияда 6,6 баллдык жер титирөө болду

Силкинүү Антиокия, Кордоба жана Чоко административдик аймактарында жана коңшу Панамада да сезилди.

1990548
Колумбияда 6,6 баллдык жер титирөө болду

Түштүк Америка өлкөсү Колумбияда күчү 6,6 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Колумбиянын Геологиялык кызматы (SGC) очогу өлкөнүн Аканди шаарынан 41 километр алыстыктагы Кариб деңизинде болгон 6,6 баллдык жер титирөөнүн ​​жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:05те жана жердин 30 километр тереңдигинде катталганын билдирди.

Геологиялык кызматы, бир нече мүнөттөн кийин очогу Кариб деңизинде 4,6 баллдык башка жер титирөө болгонун кабарлады.

Улуттук апаат тобокелдиктерин башкаруу бөлүмү, жер титирөөдөн ушул убакка чейин эч кандай адам жана материалдык жоготуу болбогонун маалымдады.

Силкинүү Антиокия, Кордоба жана Чоко административдик аймактарында жана коңшу Панамада да сезилди.



Тектеш кабарлар