Францияда полициянын дрон колдонушуна уруксат берилди

Мамлекеттик кеңеш коопсуздуктун митингдерде дрон колдонуусуна уруксат берген жарлыкка карата нааразычылыкты карап чыкты.

1990779
Францияда полициянын дрон колдонушуна уруксат берилди

Францияда Мамлекеттик кеңеш полиция жана жандармериянын, коопсуздук күчтөрүнүн митингдерде дрон колдонуусуна уруксат берди.

Мамлекеттик кеңеш коопсуздуктун митингдерде дрон колдонуусуна уруксат берген жарлыкка карата нааразычылыкты карап чыкты.

Сот «колдонуунун мыйзамдуулугу тууралуу олуттуу бир шектенүүнү жок экендигин» негиз катары көрсөтүп, митингдерде дрондун колдонулушунда эч кандай маселенин жок экендигине чечим чыгарды.

2020 -  жылы жарлык чыга электе коопсуздуктун дрон колдонушуна тыюу салган сот бул жолу апрель айында жарыяланган жарлык менен дрон колдонуу жоопкерчилигин алган полиция жана жандармериянын пайдасына чечти.

Мамлекеттик кеңеш дрон колдонууга уруксат берген жарлыктын мазмунуна байланыштуу айрым эрежелерди камтыган чечимди жакынкы убакта жарыялайт.

Францияда  1 -  май эмгек жана тилектештик күнүндө  жалпы өлкөдө болгон митингдерде полиция борбор шаар Париж да болгон Лион, Ле Хавре сыяктуу бир нече шаарда  дрон колдонгон. Бир нече коом буга нааразычылык билдирип  маселени Мамлекеттик кеңешке алып барган.

 

 

 



Тектеш кабарлар