Францияда 25 жаштагы алжирдик тиш дарыгери расисттик кол салууда каза болду
Алжир басма сөзүндө орун алган кабарларга караганда үч күн мура Франциянын Лес Лилас шаарында 25 жаштагы алжирдик Лемуши 10 кишилик француз бир группа тарабынан жасалган расисттик кол салууда» каза болду.

Францияда 25 жаштагы алжирдик тиш дарыгери Реййан Лемушинин «расисттик кол салуунун» натыйжасында өлтүрүлүшү Алжирде чоң каршы чыгууларга жол ачты.
Алжир басма сөзүндө орун алган кабарларга караганда үч күн мура Франциянын Лес Лилас шаарында 25 жаштагы алжирдик Лемуши 10 кишилик француз бир группа тарабынан жасалган расисттик кол салууда» каза болду.
Лемушинин агасынын уулу менен кечки сааттарда Лес Лилас шаарында көчөдө бара жатып кол салууга учурагандыгына көңүл бурулган кабарларда тиш дарыгери экендиги айтылган алжирдик жаш жана тууганынын бычак менен оор жаракат алгандыгы баса белгиленди.
Кабарларда ооруканага жаткырылган Лемушинин бардык жардамдарга карабастан куткарыла албагандыгы, тууганынын абалынын жакшы экендиги айтылды.
Полициянын бул окуя тууралуу тергөө ишин баштаганына басым жасалган кабарларда окуянын аткаруучуларынын алигече кармала электиги маалымдалды.
Кабарларда Лемушинин «рсисттик кол салууда» каза болгондугуна көңүл бурулуп, бул окуя Алжирде чоң каршы чыгууларга жол ачты.
Кылмышкерлердин дароо табылышы талап кылынган кабарларда Францияда алжирдиктер башта болгон араптарга карата расисттиктин күчөгөндүгү белгиленип, бул бөлүүчүлүк жана кол салуулардын токтотлушу талап кылынды.
Лемушиндин өлтүрүлүшү соцтармактарда сынга алынды.