АКШ Украинага ракеталык системаларды сатат

Билдирүүдө "Украинанын Орусиядан келген ракеталык кол салууларга каршы коргонуу жөндөмдүүлүгүн арттыруу керектиги" баса белгиленди.

1990796
АКШ Украинага ракеталык системаларды сатат

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) администрациясы Украинага 285 миллион долларлык улуттук өркүндөтүлгөн жерден асманга учуучу ракеталык системалардын (NASAMS) сатылышына уруксат берди.

Пентагонго караштуу Коргонуу Коопсуздук жана Кызматташтык Агенттигинин (DSCA) айтымында, Украинага 285 миллион долларлык NASAMS системасы менен бирге "LAN/MPQ-64FI Sentinel" радары, GPS-кабылдагыч, Өрттү башкаруу борбору, ракета учуруу системасы жана башка көчмө жабдыктардын берилери кабарланды.  

Сатуунун бекитилишине байланыштуу конгресске билдирме жиберилгени айтылган билдирүүдө, сатуунун негизинде «Европада саясий ырааттуулукту камсыз кылуу үчүн өнөктөштүк орнотулган өлкөнүн коопсуздугу колдоого алынары» жана бул чечимдин «АКШнын тышкы саясаты менен улуттук коопсуздук максаттарына туура келери» маалымдалды.

Билдирүүдө «Украинанын Орусиядан келген ракеталык кол салууларга каршы коргонуу жөндөмдүүлүгүн арттыруусу керектиги» баса белгиленип, Украинанын бул мүмкүнчүлүккө жетиши жана аны эффективдүү колдонуусунун өлкөдөгү маанилүү инфраструктуралардын корголушуна жардам бере турганына көңүл бурулду.



Тектеш кабарлар