Украина АКШнын куралын кайда колдонот?
Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Патрик Райдер күнүмдүк маалымат жыйынында бул маселеге токтолду.

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Патрик Райдер украин армиясынын америкалык куралды жарым аскерлештирилген топторго колдонуусуна же өлкөнүн чегинен тышкары жерлерде колдонуусуна уруксат бербей турганын айтты.
Райдер күнүмдүк маалымат жыйынында Орусиянын «Украиналык диверсиялык топтун өлкөнүн Белгород аймагына АКШдан чыккан курал-жарак жана унаалар менен кирди» деген ырастоосу боюнча Вашингтон администрациясынын украин армиясынын жарым аскерлештирилген топторго Америка куралдарын беришине же аларды өлкөнүн чегинен тышкары колдонуу үчүн уруксат бербегенин жана алар сөз болгон айыптоолорду иликтеп жатышканын билдирди.
Райдер: «АКШ өкмөтү америкалык куралдарды украин армиясынан башка эч бир жарым аскерлештирилген уюмга берүүгө уруксат берген эмес. Украина бизден мындай өтүнүч менен кайрылган эмес»,-деди.
Социалдык медиада сүрөттөрдү тастыктай албаганын белгилеген Райдер АКШнын Украинага берген куралдардын өлкөнүн ичинде өлкөнүн коргонуусу үчүн гана колдонулушу керектигин Киевге үзгүлтүксүз жеткиргенин белгиледи.
Райдер ошондой эле курал колдонуу боюнча катуу протокол бар экенин билдирди.
Ак үйдүн Улуттук коопсуздук кеңешинин стратегиялык коммуникациялар координатору Жон Кирби болсо CNN телеканалына берген маегинде Орусия өлкөнүн Белгород аймагына кирди деген украиналык саботаж тобу тууралуу: «Бул адамдар, сыягы, Украинадагы согушка тилектеш болгон орус тектүү адамдар. Биз бул топтор, алардын мотивдери жана бул чабуулдарды кантип ишке ашырышканы тууралуу көп деле биле бербейбиз»,-деп айтты.
Кирби Украинаны Орусиянын аймагына эч кандай кол салууга үндөбөй турганын баса белгилеп, Украинанын өз аймагын коргой алышын камсыздоо экенин белгиледи.
Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Мэтт Миллер бул темадагы суроого төмөнкүчө жооп берди: «Социалдык медиада жана башка маалымат каражаттарында бул кол салууларда АКШ тарабынан берилген куралдар колдонулганы тууралуу кабарды көрдүк. Биз бул кабарлардын аныктыгынан күмөн санайбыз. Жалпы принцип катары, мурда айткандай, Орусиянын ичине кол салууларды сунуш кылбайбыз жана биз аны ачык айттык. Бирок аны башкаруу Украинанын колунда».
Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков кечээ күнү украин армиясына караштуу диверсиялык топтун Орусиянын чек арасына киргенин жана орус коопсуздук күчтөрү бул топту таасирсиз кылуу үчүн чара көргөнүн жарыялады.
Социалдык тармактарда орус аскерлеринин Белгород облусунда жүргүзгөн операциясында өлтүрүлгөн делген ондогон украиналык согушчунун сөөгү менен бирге АКШда жасалган куралдардын жана бронетранспортерлордун сүрөттөрү да тараган.
Тектеш кабарлар

Араб уруулары Дейр-эз-Зордо кайра операция жүргүзө баштады
Араб уруулары Зийбен, Тайяне жана Элрагиб кыштактарын террордон тазалашты.