Пакистанда сот Имран Ханды күрөөгө бошотуу чечимин чыгарды

2022-жылдын апрелинде премьер-министрликтен кулатылган Ханга каршы 90дон ашык доо арыздары бар.

1990189
Пакистанда сот Имран Ханды күрөөгө бошотуу чечимин чыгарды

Пакистандын террор менен күрөшүү боюнча  соту мурдагы премьер-министрлер Имран Ханды 8 иш боюнча 8-июнга чейин күрөөгө бошотуу чечимин чыгарды.

Улуттук маалымат каражаттарынын билдиргенине караганда, Пакистандын Адилеттик Кыймылы партиясынын  лидери Хан сотко  катышуу үчүн Лахордон борбор Исламабадга барды.

Террор менен күрөшүү боюнча сот Хан соттолгон 8 иш боюнча 8-июнга чейин күрөө менен бошотулушуна чечим чыгарды.

2022-жылдын апрелинде премьер-министрликтен кулатылган Ханга каршы 90дон ашык доо арыздары бар.

2022-жылдын июнь айында коалициялык өкмөт Хан менен аялы Аль Кадир университетин куруу үчүн Пакистандын негизги кыймылсыз мүлк магнаты Малик Риаздан кымбат баалуу чоң жер тилкесин жана миллиарддаган рупийлерди сатып алышкан деп ырастаган.



Тектеш кабарлар