Михаил Мишустин Кытайда Ли Чианг менен жолугушту

Россиянын тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда Кытайга 2 күндүк расмий сапарынын алкагында борбор шаар Пекинге барган Мишустин кесиптеши Ли менен жолугушту.

1990429
Михаил Мишустин Кытайда Ли Чианг менен жолугушту

 Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин Кытайга болгон иш сапарынын алкагында кесиптеши Ли Чианг менен жолугушту.

Россиянын тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда Кытайга 2 күндүк расмий сапарынын алкагында борбор шаар Пекинге барган Мишустин кесиптеши Ли менен жолугушту.

Мишустин жолугушууда эки өлкөнүн мамилесинин акыркы убакта абдан өскөндүгүн баса белгилеп :"Росия менен Кытай эл аралык аренада күчөгөн башаламандыктарга  жана  Батыштын жамаатташкан мыйзамсыз санкциялык кысымына бирдикте каршы чыгууда",-  деди.

Эки өлкөнүн ортосундагы соода жана экономикалык карым-катнаштардын эл аралык чөйрөнүн туруксуздугуна карабастан ийгиликтүү өнүгүп жатканына көңүл бурган Мишустин, өз ара соода көлөмүнүн өткөн жылы 190 миллиард доллардан ашканын жана бул жылдын биирнчи чейрегинде  25 пайыздык өсүү менен 52 миллиард долларга жеткенин белгиледи.

Мишустин соода көлөмүнүн ушул жылдын аягына чейин эки өлкөнүн лидерлери тарабынан белгиленген 200 миллиард долларлык максатка жете турганына ишенгендигин айтты.

Мишустин Кытай менен Орусиянын ортосунда транспорт жана логистикалык каттамдардын түзүлүшү жаңы геосаясий реалдуулукта мааниге ээ болгонун баса белгилеп, чек ара аймактарында биргелешкен инфраструктура долбоорлорун тездетүүгө даяр экендиктерин билдирди.

Жогорку технология, учак жана кеме куруу, машина жана жабдыктарды өндүрүү тармагында жаңы кызматташтык сунуштары бар экенин белгилеген Мишустин эки өлкөнүн изилдөө тажрыйбалары жана өндүрүш кубаттуулуктары менен биргеликте технологиялык үстөмдүгүн камсыздай ала тургандыктарын билдирди.

Жолугушуудан кийин эки өлкөнүн ортосунда патенттик операцияларды тездетүү боюнча пилоттук программаны жаңыртуу боюнча биргелешкен ниет билдирүүсүнө жана айыл чарба, мал чарба продукцияларын сатуу, соодалык  кызмат көрсөтүүлөр  жана спорттук кызматташтык тармактарында өз ара түшүнүшүү меморандумдарына кол коюлду.



Тектеш кабарлар