Германияда түрк үй - бүлөнүн бакчасына метеорит түштү
3 килограмм 700 граммдык салмактагы метеориттин болжол менен 4,5 миллиард жылдык экендиги болжолдолууда.
1990430

Германиянын Элмшорн шаарында жашаган түрк үй-бүлөнүн бакчасына 4,5 миллиард жыл экени болжолдолгон метеорит түштү.
Махмут Шахиндин бакчасына 25 - апрелде метеорит келип түштү.
Оболу эмне экендигин түшүнбөгөн үй - бүлө өрт өчүргүчтөрдү чакырган.
Гандболд тобунун көлөмүндөгү метеоритке магниттик тест жасалды.
3 килограмм 700 граммдык салмактагы метеориттин болжол менен 4,5 миллиард жылдык экендиги болжолдолууда.
Дүйнөнүн төрт бурчунан метеорит жыйноочулар Шахиндин үй-бүлөсүнө метеоритти сатуу сунуш кылышууда.
Германия жана АКШдан келген сунуштар 200 миң евро же 4 миллион түрк лирасын түздү.
Махмет Шахин метеориттин бир канча убакыт түрдүү музейлерде көргөзмөгө коюлушун каалап жатат.