БУУ: «Судандагы кагылышуу токтотулбаса, аймак өлкөлөрүнө таасир этиши мүмкүн»

Бириккен Улуттар Уюмунун басма сөз катчысы Стефан Дужаррик күнүмдүк маалымат жыйынында Судандагы кагылышуунун аймактык кесепеттерине баа берди.

1990059
БУУ: «Судандагы кагылышуу токтотулбаса, аймак өлкөлөрүнө таасир этиши мүмкүн»

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Судандагы кагылышуу токтотулбаса, бул аймак өлкөлөрүнө таасир этиши мүмкүн экенине көңүл бурду.

Бириккен Улуттар Уюмунун басма сөз катчысы Стефан Дужаррик күнүмдүк маалымат жыйынында Судандагы кагылышуунун аймактык кесепеттерине баа берди.

Аймактын ансыз да «морт» абалда экенине көңүл бурган Дужаррик, Судандагы тараптардын элдин кызыкчылыктарын биринчи орунга коюп, кагылышууну токтотуусу керектигин айтты.

Судандагы чыр-чатактын Түштүк Судан, Чад жана аймактагы башка өлкөлөрдөгү абалга таасир этиши мүмкүн экенин белгилеген Дужаррик: «Эгер Судандагы чыр-чатакка чекит коюлбаса, анын аймактык кесепеттери болушу мүмкүн. Андан пайда болгон гуманитардык трагедия Суданга эле эмес, бүткүл аймакка да таасирин тийгизет»,-деп эскертти.

БУУнун гуманитардык кызматкерлеринин кыска мөөнөттүү ок атышпоо келишиминен кийин 4 миллион кишиге болжол менен 168 фура жардам жеткирүүгө даярданып жатканын белгилеген Дужаррик, учурдагы абалдын дагы деле толук гуманитардык операцияларды жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк бербей жатканын белгиледи.

Кыйынчылыктарга карабастан БУУ жана өнөктөштөрүнүн Судандагы гуманитардык жардам операцияларын кеңейткенин белгилеген Дужаррик Дүйнөлүк азык-түлүк программасы жардам берүүнү улантып жатканда, БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) азык-түлүк жардамдары менен бирге вакцина да бергенин айтты.

Дужаррик БУУнун кыска мөөнөттүү ок атышпоону көзөмөлдөөдө расмий роль ойнобогонун, бирок стратегиялык жана техникалык колдоо көрсөткөнүн белгиледи.

Бир тараптан БУУнун Качкындар Жогорку комиссары Филиппо Гранди твиттер эсебинен бөлүшүүсүндө, 300 миңден ашуун судандык өлкөдөгү кагылышуулардан улам коңшу өлкөлөргө баш калкалаганын билдирди.

Судандагы качкындарга жооп берүү планына донорлордун салымдарынын жетишсиз бойдон калганын баса белгилеген Гранди: «Качкындарды кабыл алган өлкөлөрдү колдоо үчүн бизге тез арада көбүрөөк ресурстар керек», - деди.



Тектеш кабарлар