Зеленский украиналык аскерлер менен жолугушту

Владимир Зеленский жолугушууда айрым украиналык аскерлерге мамлекеттик медалдарды тапшырды.

1989806
Зеленский украиналык аскерлер менен жолугушту

Украинанын президенти Владимир Зеленский Донецк аймагында украиналык аскерлер менен жолугушту. 

Украина прзиденттик аппаратынын расммий интернет сайтында орун алган кабарга караганда Зеленский бүгүн белгиленген Деңиз аскерлеринин күнүнө байланыштуу Донецк аймагында Маринка жана Угледар шаарларындагы Украина армиясына таандык алдыңкы позицияларда турган аскерлер менен жолугушту.

Фронттогу окуялар тууралуу командирлерден маалымат алган Зеленский украин деңиз аскерлеринин душманга каршы катуу  күрөшүп жатканын белгилеп : "Ушул себептен  бүгүнтөн баштап биз деңиз жөө аскерлеринин потенциалын олуттуу түрдө жогорулатып, деңиз жөө аскерлеринин корпусун түзүп жатабыз",-деди.

Владимир Зеленский жолугушууда айрым украиналык аскерлерге мамлекеттик медалдарды тапшырды. 

 

 



Тектеш кабарлар