Нигерияда кол салуу болду
Кол салууда 18 киши каза болду.

Нигерияда болгон кол салууда 18 киши каза болду.
Улуттук маалымат каражаттарынын билдиргенине караганда, Бенуэ провинциясынын Ийе кыштагында белгисиз куралчан адамдар кол салышкан.
Кол салууда 18 киши каза болуп, бир топ киши жараланды.
Бенуэ полициясынын басма сөз катчысы Кэтрин Анене коопсуздук күчтөрүнүн аймакка жиберилгенин жана тергөө ишинин башталганын билдирди.
Өткөн айда Бенуэ штатында эки топтун ортосундагы кагылышуулардан улам 150гө жакын адам каза болуп, 18 миңден ашууну жер которгон.
Нигериянын түндүгүндө мал чарбачылыгы менен алектенген фуланилер менен дыйканчылык менен алектенген кээ бир уруулардын ортосунда маал-маалы менен катуу кагылышуулар болуп турат.
Көчмөн Фулани дыйкандардын малдарын уурдоого аракет кылып, аларга кол салышканын айтышууда.