Гуам «Мавар» тайфунуна даярданууда

Тынч океандын батышындагы Америка Кошмо Штаттарынын  аралы Гуамдын «Мавар» тайфунунун түздөн-түз таасиринде болушу мүмкүн экендиги жарыяланды.

1989743
Гуам «Мавар»  тайфунуна даярданууда

Тынч океандын батышындагы Америка Кошмо Штаттарынын  аралы Гуамдын «Мавар» тайфунунун түздөн-түз таасиринде болушу мүмкүн экендиги жарыяланды.

Гуамдын губернатору Лу Леон Герреро аралдагы 171 миңдей адамды сабырдуу болууга жана тайфунга даяр болууга чакырды.

Губернатордун айтымында,  "чыныгы коркунуч" деп атаган "Мавар" тайфунунун аралга түздөн-түз  уруу ыктымалдыгы бар.

Гуам Улуттук Аба ырайы кызматынын башкы метеорологу Патрик Долл,  түздөн - түз бута болбосо да, тайфундун  жакындарда таасирдүү болорун баса белгиледи.

«4-категорияга» кирген тайфунда шамалдын ылдамдыгы саатына 225 километрге жетиши күтүлүүдө. Бул акыркы 20 жылдагы эң күчтүү тайфун катары катталышы мүмкүн.


 



Тектеш кабарлар