АКШ менен Кытайдын чип боюнча атаандаштыгы

Кытайдын киберкоопсуздук боюнча текшерүү бюросу америкалык микросхема өндүрүүчүсү Micron компаниясына Кытайдын маанилүү инфраструктуралык долбоорлоруна өнүмдөрдү жеткирүүгө тыюу салды.

1989718
АКШ менен Кытайдын чип боюнча атаандаштыгы

Кытай менен Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) ортосунда чип атаандаштыгы бар.

Кытайдын киберкоопсуздук боюнча текшерүү бюросу америкалык микросхема өндүрүүчүсү Micron компаниясына Кытайдын маанилүү инфраструктуралык долбоорлоруна өнүмдөрдү жеткирүүгө тыюу салды.

Бюронун билдирүүсүндө, Micron өнүмдөрүндө Кытайдын маанилүү маалымат инфраструктурасынын жеткирүү чынжырына зыян келтире турган олуттуу коопсуздук тобокелдиктерин аныктаганы айтылды. Бул жагдай Кытайдын улуттук коопсуздугуна коркунуч келтириши мүмкүн экени белгиленди.

Билдирүүдө кытайлык компаниялардан Micron компаниясынын өнүмдөрүн сатып алууну токтотуу талап кылынган.

Пекиндин бул чечими америкалык чип чыгаруучусунун кытай рыногунда иш жүзүндө тыюу салууга туш болот дегенди билдирет.

Эки өлкө акыркы убакта чип тармагындагы атаандаштыктан улам бири-бири менен тез-тез тирешүүдө.

АКШ администрациясы акыркы айларда кытайлык компанияларга жогорку технологиялык чиптерге кирүүгө жол бербөөчү мыйзамдык жоболорду киргизди.

Бүгүнкү күнгө чейин бул демилгелерге каршы кадам таштабаган Пекин башкаруусу биринчи жолу бир америкалык фирманы бутага алды.



Тектеш кабарлар