Месжид-и Аксага кирип барууну бүткүл дүйнө айыптоодо

ИКУдан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Бен Гвирдин кирип баруусунун Израилдин Месжид-и Аксанын тарыхый жана укуктук статусун өзгөртүү аракетинин бир бөлүгү экени белгиленди.

1989116
Месжид-и Аксага кирип барууну бүткүл дүйнө айыптоодо

Ислам Кызматташтык Уюму (ИКУ) Израилдин ашкере улутчул Улуттук коопсуздук министри Итамар Бен-Гвирдин Месжид-и Аксага кечээ кирип баруусуна каршылык көрсөттү.

ИКУдан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Бен Гвирдин кирип баруусунун Израилдин Месжид-и Аксанын тарыхый жана укуктук статусун өзгөртүү аракетинин бир бөлүгү экени белгиленди.

Билдирүүдө ИКУнун бул рейдди мусулмандардын сезимдерине чагымчылдык кылып, эл аралык укукту жана Бириккен Улуттар Уюмунун резолюцияларын ачык бузуу катары көргөнү белгиленди.

Билдирүүдө оккупацияланган Чыгыш Кудста уланып жаткан мындай мыйзам бузуулардын кесепеттеринен толугу менен Израиль өкмөтү жооптуу экени да белгиленди.

Сауд Арабиянын Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта, тинтүүнү айыптоо менен бирге, бул системалуу иш-аракеттердин бардык эл аралык нормаларды жана келишимдерди ачык бузуу жана дүйнөдөгү мусулмандарды провокациялоо болуп эсептелгени белгиленди.

Бириккен Араб Эмирликтери (БАЭ) да Израиль бийликтерин чыңалууну күчөтпөөгө жана аймакты туруксуздаштыруучу кадамдарга барбоого үндөдү.

Иорданиянын тышкы иштер министри жана Израилдин басып алынган Кудстагы мыйзамсыз саясаттарына каршы эл аралык иш-аракеттерден жооптуу Араб министрлер комитетинин төрагасы Эймен эс-Сафеди болсо, БАЭ, Алжир, Сауд Арабия, Палестина, Катар, Египет жана Мароккодогу кесиптештерине телефон чалып, айтылган кирип келүүнүн кесепеттерин талкуулады.

Перс булуңунун Кызматташтык Кеңеши да өз билдирүүсүндө кирип келүүнү айыптап, Месжид-и Аксага каршы бул мыйзам бузуулардын алдын алуу үчүн эл аралык коомчулукту чукул кийлигишүүгө чакырды.

Араб парламентинин билдирүүсүндө кирип келүү катуу айыпталып, Месжид-и Аксанын убактылуу жана мейкиндик боюнча бөлүнүшү жана мусулмандардын ибадат эркиндигинин чектелиши кабыл алынгыс экени белгиленди.

Америка Кошмо Штаттары да (АКШ) Бен-Гвирдин Акса мечитине кирип баруусу тынчсыздандырганын билдирди.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Мэтт Миллер темага байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө: «Бул ыйык жай саясий максатта колдонулбашы керек. Биз бардык тараптарды бул жердин ыйыктыгын урматтоого чакырабыз»,-деди.

Билдирүүдө АКШнын Кудстагы ыйык жерлердин тарыхый статус-квосун колдоосу дагы бир жолу тастыкталды.



Тектеш кабарлар