Евробиримдик Молдовада жарандык миссиясын баштады

Миссия Молдова бийлигинин өтүнүчү менен 24-апрелде расмий түрдө түзүлгөн.

1989330
Евробиримдик Молдовада жарандык миссиясын баштады

Европа Биримдиги (ЕБ) Молдовада коопсуздук секторунун туруктуулугун бекемдөө үчүн жарандык миссиясын баштаганын жарыялады.

Европа Кеңешинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, ЕБнин Орток коопсуздук жана коргонуу саясатынын (OGDP) алкагында Молдовада Европа Биримдигинин Өнөктөштүк Миссиясын (EUPM Moldova) баштаганы белгиленди.

Билдирүүдө Молдова бийлигинин өтүнүчү менен 24-апрелде расмий түрдө түзүлгөн миссиянын өлкөнүн кризистик башкаруу структураларын чыңдоого салым кошуу,  гибриддик коркунучтар менен бирге киберкоопсуздукка туруктуулугун жогорулатуу, ошондой эле чет элдик маалымат манипуляциясына жана кийлигишүүсүнө каршы турууга багытталганы айтылды. 

"Молдованы туруксуздаштыруу аракеттери Орусия Украинада согуш баштагандан бери (2022-жылдын 24-февралында) байкалаарлык түрдө көбөйдү. Бул Евробиримдиктин тышкы чек араларынын туруктуулугуна жана коопсуздугуна түздөн-түз коркунуч жаратууда",-деп билдирилди. 



Тектеш кабарлар