Зеленский: «Бахмут Орусиянын оккупациясында эмес»
Япониянын Хиросима шаарына G7 лидерлеринин саммитине катышуу үчүн барган Зеленский маалымат жыйынын өткөрдү.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Донецк облусундагы Бахмут шаары Орусия Федерациясынын оккупациясында эмес деп билдирди.
Япониянын Хиросима шаарына G7 лидерлеринин саммитине катышуу үчүн барган Зеленский маалымат жыйынын өткөрдү.
Бир журналисттин Орусия Бахмутту толук көзөмөлгө алды деген билдирүүсүн эске салганы боюнча Зеленский: «Бүгүнкү күндө Бахмут Орусия Федерациясы тарабынан оккупацияланган абалда эмес. Бул сөздөрдүн 2-3 котормосу жок»,-деп жооп берди.
Талаадагы стратегияларын бөлүшө албастыгын белгилеген Зеленский: «Учурда бул өлкө (Орусия) бизди басып ала албайт, бул согушта жеңе албайт»,-деди.
Орусиянын Коргоо министрлиги Вагнер тобуна тиешелүү күчтөрдүн орус армиясынын колдоосу менен Бахмутту багындырганын жарыялаган.
Тектеш кабарлар
Газада менингит жана гепатит жайыла баштады
Бул тууралуу Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.