Палестина Бен-Гвирдин Масжид-и Аксага кирип келүүсүн айыптады

Палестинанын расмий агенттиги WAFAнын кабарына караганда, Палестинанын президентинин басма сөз катчысы Набил Абу Рудейне Израилдин ашкере улутчул улуттук коопсуздук министри Итамар Бен-Гвирдин Месжид-и Аксага жасаган чабуулуна каршылык көрсөттү.

1988874
Палестина Бен-Гвирдин Масжид-и Аксага кирип келүүсүн айыптады

Басып алынган Чыгыш Кудстагы Месжид-и Аксага каршы мыйзам бузуулардын «от менен ойноо» экенин белгилеген Палестина, эл аралык коомчулук жана АКШ башкаруучулугунун чукул түрдө кийлигишүүсүн талап кылды.

Палестинанын расмий агенттиги WAFAнын кабарына караганда, Палестинанын президентинин басма сөз катчысы Набил Абу Рудейне Израилдин ашкере улутчул улуттук коопсуздук министри Итамар Бен-Гвирдин Месжид-и Аксага жасаган чабуулуна каршылык көрсөттү.

Месжид-и Аксаны бузуунун «от менен ойноо» экенин жана «аймактагы ар бир адамга таасир эте турган жана каалабаган кесепеттерге алып келе турган диний согушка алып келерин» белгилеген Абу Рудейне, бүгүн болуп жаткандардын өтө кооптуу экенине көңүл буруп Кошмо Штаттардын жана эл аралык коомчулуктун кийлигишүүсү керектигин белгиледи.

Бен-Гвир менен фанат жөөттөрдүн Месжид-и Аксанын учурдагы абалын өзгөртүү аракетинин кабыл алынгыс экенин жана ийгиликсиз болорун баса белгилеген Абу Рудейна: «Бен-Гвирдин эртең мененки сааттарда уурулардай болуп Аль-Акса мечитине кирип келиши чындыкты өзгөртпөйт жана Израиль өз суверенитетин таңуулай албайт»,-деди.

Хамас да жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө рейдге реакция жасады.

Билдирүүдө, «Биз Месжид-и Аксаны жалгыз калтырбайбыз. Баскынчылык администрациясы анын министрлеринин жана отурукташкандардын басып алууларынын жоопкерчилигин алат. Бен-Гвирдин рейд жүргүзүүсү Месжид-и Акса үчүн канчалык чоң коркунуч экенинин көрсөткүчү»,деген сөздөр камтылган.

Палестинаны боштондукка чыгаруу элдик фронту рейддин Месжид-и Аксанын статусун өзгөртүү аракетинин алкагында болгонун белгилеп, бул план жана аракеттердин ийгиликтүү болбой турганын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар