Эквадордо 27-мартта болгон жер көчкүдө каза болгондордун саны 56га жетти
Эквадор Улуттук тобокелдиктерди башкаруу катчылыгынын билдирүүсүндө Чимборазо штатынын Алауси шаарчасындагы жер көчкүдө жаңы сөөктөрдүн табылганы белгиленди.

Түштүк Америка өлкөсү Эквадордо 27-мартта болгон жер көчкүдө каза болгондордун саны 56га жетти.
Эквадор Улуттук тобокелдиктерди башкаруу катчылыгынын билдирүүсүндө Чимборазо штатынын Алауси шаарчасындагы жер көчкүдө жаңы сөөктөрдүн табылганы белгиленди.
Кырсыктан каза болгондордун саны 56га жеткени, дайынсыз жоголгондорду издөө иштеринин уланып жатканы бөлүшүлдү.
Жетекчилер жер астында дагы 30 адамдын бар экенин жана сөөктөргө жетүү үчүн кылдат иш жүрүп жатканын билдирди.
Жер көчкүдөн 163 үй жабыркап, 60 үй толугу менен талкаланганы белгилүү болду.
Жергиликтүү маалымат каражаттары аймактагы тоодо бир канча убакыттан бери жаракалардын пайда болуп, жер көчкүнүн жүрүшүнө себеп болгонун айтышты.
Эквадордун Транспорт жана коомдук иштер министрлиги жабылган жолдорду ачуу үчүн тынымсыз иштеп жатканын жана 30-мартта Чимборазо штатында "өзгөчө абал" жарыяланганын жарыялады.