Ахмед Абу Гайт Сириянын Биримдикке кайтуу чечиминин “араб маселеси” экендигин айтты

Абу Гайт Сауд Арабиянын Жидда шаарында өткөрүлгөн Араб лигасынын 32 - лидерлер саммитинен кийин Сауд Арабиянын тышкы иштер министри Фейсал бин Ферхан менен маалымат жыйын өткөрдү.

1988595
Ахмед Абу Гайт Сириянын Биримдикке кайтуу чечиминин “араб маселеси” экендигин айтты

Араб лигасынын баш катчысы Ахмед Абу Гайт Сириянын биримдикке кайтуу чечими “араб маселеси” экендигин айтты.

Абу Гайт Сауд Арабиянын Жидда шаарында өткөрүлгөн Араб лигасынын 32 - лидерлер саммитинен кийин Сауд Арабиянын тышкы иштер министри Фейсал бин Ферхан менен маалымат жыйын өткөрдү.

Жыйында Сириянын 12 жылдан кийин Араб лигасына кайтып келиши, АКШ жана Европа өлкөлөрүнүн сындарына байланыштуу суроолор берилди.

Сириянын лигага кайтып келүүсүнүн тышкы күчтөрдүн пикирлеринен көз карандысыз каралышы керектигин баса белгилеген Абу Гайт : "Бул араб маселеси. Сирия Араб лигасын негиздеген жети өлкөнүн бири",- деди.

Араптардын  колдонгон ыкманын тууралыгына башка өлкөлөрдү ынандыруу үчүн аракет кылышы керектигин белгилеген Абу Гайт: «Бул араптардын эрки. Тышкы күчтөр менен келишпестикке жана кагылышууга кирүүнү каалабайбыз»,- деди.

Жидда шаарында өткөн Араб лигасынын 32-саммитине 12 жылдан кийин Украинанын президенти Владимир Зеленский жана Сириянын президенти Башар Асад катышты.

Араб Лигасы жарандык согушка байланыштуу Сириянын мүчөлүгүн 2011-жылдын 12-ноябрында токтоткон.

Араб Лигасына мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери 7-майда Египеттин Каир шаарында өткөн жыйында Сириянын Биримдикке кайтып келиши тууралуу макулдашкан.



Тектеш кабарлар