Зеленский Г -7лердин саммитине катышат

АКШ, Франция, Англия, Германия, Канада жана Италиянын лидерлери катышкан саммит 21-майда аяктайт.

1988430
Зеленский Г -7лердин саммитине катышат

Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин  Японияда өтүп жаткан G7 лидерлеринин саммитине жеке өзүнүн катыша  тургандыгы билдирилди. 

Расмий Киодо агенттигинин япон өкмөтүнүн булактарына таянып берген кабарда, саммитке видеоконференция аркылуу катышары мурда жарыяланган Зеленскийдин Хиросимага барары  белгиленди. 

Пландаштырылган саммиттин программасынын алкагында лидерлердин Украина кризисине карата атайын жыйын өткөрөрү күтүлүүдө.

Зеленскийдин сапары ишке аша турган болсо Россиянын кол салуулары башталган 2022 -  жылдан кийин Азия өлкөсүнө жасаган биринчи сапары болот. 

Зеленскийдин лидерлер менен жолугушуп, G7 өлкөлөрүнүн Украина менен тилектештиктерин бекемдөөнү максатк ыла алары белгиленди. 

АКШ, Франция, Англия, Германия, Канада жана Италиянын лидерлери катышкан саммит 21-майда аяктайт.



Тектеш кабарлар