Катар Түркия жана БУУнун дан келишиминдеги аракеттерине баа берди
Дан келишими 2022-жылы 22-июлда Стамбулда Түркия, Украина, Россия жана БУУнун ортосунда түзүлгөн.

Катар Түркия менен Бириккен Улуттар Уюмунун Украинадан дан ташуу келишимин 2 айга узартуу аракетин колдоду.
Катардын Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Кара деңизден эгин ташуу келишиминин узартылышынын жылуу кабыл алынгандыгы белгиленди.
Дан ташуунун дүйнөдөгү азык-түлүк кризисин жеңилдете тургандыгынан үмүт кылынган билдирүүдө Катардын БУУнун жана Түркиянын бул процессте жасаган бардык аракеттерин жогору баалангандыгы белгиленди.
Билдирүүдө өзгөчө : "Россия -Украина кризисин тынчтык жолу менен чечүүгө багытталган бардык эл аралык аракеттерди Катардын колдой турганын ырастайбыз", - деп айтылды.
Президент Режеп Таййип Эрдоган, 18-майда мөөнөтү аяктай турган Кара деңиз дан коридору келишимин дагы 2 айга узартуу чечиминин чыгарылганын жарыялаган.
Бул келишим 2022-жылы 22-июлда Стамбулда Түркия, Украина, Россия жана БУУнун ортосунда түзүлгөн.